• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Илимдер академиясы, Санариптик өнүктүрүү министрлиги. Бишкек мэриясы тосмолорду алууну улантууда

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын тобу менен биргеликте шаарды тосмолордон бошотууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишиндеги Улуттук илимдер академиясынын 270 метрге чейин жеткен, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 117 метрге чейин жеткен тосмолору демонтаждалды.

Ошондой эле инспекторлор тарабынан шаардыктарга муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Махатма Ганди көчөсүндөгү окуу-методикалык лицейдин (КЕДИС), Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги №10 лицейдин, Коперник көчөсүндөгү 11 гараждын темир тосмолору өз ыктыяры менен алынды. Ошондой эле Шералиев көчөсүндөгү жолду реконструкциялоого тийиш болгон 12 гараж алынып салынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары да аныкталган.

Турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаргандыгы үчүн «Жазстрой» ишканасына (“Кут” курулуш уюму) (Лев Толстой көчөсү №110) КРнын “Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 17 миң сом айып салынды.

Алыкулов көчөсүнүн тургуну Н.Кожомуратов аттуу жаран жолду өз алдынча казгандыгы үчүн 179-берененин 2-бөлүмү боюнча 5500 сом өлчөмүндө жоопкерчиликке тартылды.
Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий