• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекке Москвадан Кыргызстандын 410 жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча Россиядан 410 КР жараны кайтып келди, алардын арасында 17 жаш бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул каттам Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Борттогу орундардын санынын чектелгендигинен жана мекенине келүүнү каалагандардын саны көптүгүнөн улам бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий