• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ноокат районундагы Көк-Бел айылдык кеңешиндеги шайлоо жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 20.03.20 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылдык кеңешиндеги шайлоо жылдырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал белгилегендей, шайлоо Ноокат районунда коронавирусту жуктуруп алгандар аныкталганы үчүн жылдырылды.

"Мыйзамга ылайык, райондук же республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаал киргизилсе, жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулат. Учурда коронавирус жуктургандар табылгандыктан Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Ошондуктан ал жактагы шайлоолор жылдырылат. Эгер башка райондордо, облустарда же республикада өзгөчө кырдаал киргизилсе ага жараша шайлоолор жылдырылат", - деди ал.

Ал белгилегендей, алар күндүн аягына чейин бул маселе боюнча өкмөттүн чечимин күтүшөт жана анын негизинде чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны алтыга жетти. Коронавирус Сузак районунда үч эркек кишиде жана Ноокат районунда үч аялда аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий