• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Дубровский» ресторанынын имараты эми Бишкек мэриясына таандык

Коом 0

Бишкек, 03.08.23./Кабар/. 7-Апрель көчөсү, 159 дарегиндеги «Дубровский» ресторанын имараты Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өттү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын отурумунун чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылды. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынды.

Бул чечимдин негизинде ресторандын ээлерине Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан болгон имаратты демонтаждоо тууралуу билдирүү тапшырылды.

Бирок ижарачы мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирип, келишимге ылайык жалпы аянты 500 чарчы метрге жакын ресторандын имараты өткөрүлүп берилген, ошондой эле аянты 0,37 га болгон мурда ижарага алынган жер тилкеси кайтарылды, имарат 48 млн 500 миң сомго бааланууда.

Белгилей кетсек, ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок. Бул жай мунипалитеттин максаттары үчүн колдонулат.

Бишкек шаарынын мэриясы «Дубровский» ресторанынын ээлерине ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, ресторандын администрациясынын өтүнүчү боюнча мекеме 2023 - жылдын 7-августуна чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий