• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта экологияга зыяны жок жаңы асфальт-бетон заводу курулууда

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районундагы Жогорку Орок айылында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан экологияга зыяны жок жаңы асфальт-бетон заводу курулууда. Жаңы заводдун курулушу 2023-жылдын май айында башталган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, заводдун курулушундагы бардык жумуштарды Кытайдан келген инженер жетектеп жатат жана анда 10 адамдан турган жумушту топ иштөөдө.

Конструкцияны монтаждоо иштери 90% аяктап, андан соң электр монтаждоо иштери башталат.

Башка заводдордон айырмаланып, жаңы «SANY» заводу толугу менен бир гана компьютер менен башкарылат, заводдун негизги артыкчылыгы – жогорку өндүрүмдүүлүк жана үнөмдүүлүк. Завод саатына 200 тоннага чейин асфальт чыгара алат.

Заводду ишке киргизүү асфальттын өздүк наркына бааларды төмөндөтүп, бул өз кезегинде Бишкек шаарында жаңы жолдорду жана тротуарларды курууну көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Ишканада температуралык май менен жабдылган «RIELLO» маркасындагы 5 тонналык казан менен жылыйт. Бардык пайдаланылбаган газдар кайрадан колдонулуп, ошентип завод айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт.

Белгилей кетсек, жаңы асфальт-бетон заводунун курулушу өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө. Жаңы асфальт-бетон заводу ишке киргенге чейин эски заводдо асфальт-бетон заводу тынымсыз иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий