• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда УКМКнын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23./Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И. Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Адиев К.М., башкармалыктын өздүк курамы жана ошондой эле ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кызматкерлерди КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий