• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эркек киши 5-кабаттын терезесинен ымыркайды чыгарып кайра киргизип “ойноду” (видео)

Коом 0


Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Бишкекте эркек киши ымыркайды балкондон чыгарып кайра киргизип “ойноду”. Бул тууралуу окуянын күбөсү интернетке жарыялап, видеосун киргизген.

“Эркек киши коркунучтуу ыкма менен ымыркайды 5-кабаттын терезесинен алып чыгарып кайра киргизип ойнотуп жатканына күбө болдук. Анын жанында дагы бир бала турган, ал болуп жаткандарды унчукпай карап турду. Биз дагы ал кишини баланы колунан түшүрүп албасын деп чочутуп албаш үчүн унчукпай коркуп карап турдук”, - деп жазган күбө.

Анын айтымында, окуя Герцен көчөсү, 49 дарегинде “Карвен клубдун” артында болгон.

Пикир

Оставить комментарий