• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иманкулов: Көп партиялуулук диктатуранын орношун шарттайт

Коом 0

Өткөн жекшембиде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, андан тышкары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Эми элдерде көптөгөн суроолор пайда болду, алардын эң негизгиси бийликтин жоопкерчилигине байланыштуу. Буга байланыштуу эксперттер коому “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюшулган “КРнын жаңы Конституциясын кабыл алуу: жоопкерчиликтүү бийликтин пайда болушу үчүн эмне керек?” аталышындагы онлайн конференциянын жүрүшүндө жаңылыктарды талкуулоону чечишти.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Муратбек Иманкулов өзүнүн Конституцияны өзгөртүүгө байланышкан пикири менен бөлүштү.

“Акыркы убактарда жаңы Конституцияга карата сын-пикирлер, мындай чечим шашылыш кабыл алынгандыгы тууралуу ойлор айтылып жатканына байланыштуу мен башка өлкөлөрдүн көптөгөн Конституциясын изилдеп чыктым десем болот. Көпчүлүк өлкөлөрдө Баш мыйзам 2-3 айдын аралыгында эле кабыл алынган. Диктатура болот дегенге байланыштуу айтылгандарга диктатураны ошол парламенттик тутум өзү алып келгенин белгилегим келет. Көп партиялуулук диктатуранын пайда болушун шарттайт. Ошондой эле, тарых парламентаризм көп тармактарда өнүгүүнүн артта калышына өбөлгө түзгөнүн көрсөттү”,-деди Иманкулов.

Ал ошондой эле президенттик башкаруу формасы өзгөчө азыркы оор кырдаалда жалгыз гана вариант болуп саналат деп белгиледи. Анткени, пандемия учурундагы абал эч кимде жоопкерчилик жок экенин, натыйжада карапайым эл жабыр тартып жатканын көрсөттү.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий