• 88.68
  • 95
  • 0.95

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлугуна Талантбек Иманов дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Садыр Жапаров президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорун алмаштырды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Умбриэль Темиралиев КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду. "КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Темиралиев Умбриэль Темиралиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Президент кол койгон башка тескемеге ылайык, Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды."КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Иманов Талантбек Орускулович КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий