• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетет. Себеби

Коом 0

Бишкек,27.09.21. /Кабар/. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетет. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 27-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

undefined

"Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий