• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базарбеков Азербайжан Жогорку сотунун 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышууда

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков «Сот адилеттигин ишке ашырууда Жогорку соттордун ролу: оң тажрыйба жана заманбап чакырыктар» темасында Азербайжандын Жогорку сотунун 100 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ишине катышууда.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ошондой эле Беларусь, Румыния, Казакстан жана Чехиянын Жогорку сотторунун төрагалары, ошондой эле Катар, Венгрия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандын Жогорку сотторунун төрагаларынын орун басарлары катышууда.

Эл аралык конференцияда сөз сүйлөгөн Замирбек Базарбеков бүгүнкү күндө Азербайжандын Жогорку соту өзүнүн өнүгүү жылдарында укук коргоо жана сот адилеттигин ишке ашыруунун маанилүү маселелери боюнча компетенттүү, ар тараптуу негизделген позицияларды калыптандыруу менен өз өлкөсүндө да, чет мамлекеттерде дагы кадыр-баркка ээ болгондугун белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары “Жогорку соттун ролу, бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу” деген темада талкуу жүргүзүшүп, өз ара тажрыйбалары менен кеңири бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий