• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ипотекалык насыялоонун пайыздык чендери 6 пайызга чейин түшөт – Сооронбай Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 24.11.19. /Кабар/. Ипотекалык насыялоонун пайыздык чендери 6 пайызга чейин түшөт, - деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

Өлкө башчысы маалымдагандай, ипотека боюнча пайыздык төлөм 14%дан 7 пайызга чейин азайды.

«Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания бар. Мурдагы «Росинбанк» азыр «Керемет банк» болуп өзгөрдү. Аталган банк быйыл 1 миллиардга чейин насыя берет. Ипотека маселесин колго алып жатабыз. Келечекте турак-жай сатып алууну каалаган мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык каалоочу кыргызстандыктарга ипотекалык насыялоонун пайыздык чендерин жылдык 6 пайызга чейин төмөндөтүүнү караштыруудабыз», - деп маалымдады Өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий