• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иранда 54 кыргыз айдоочу өлкөдөн чыга албай жатат - Абдрахманов

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Иранда коронавирустан улам 54 кыргыз айдоочу өлкөдөн чыга албай жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштери министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, оор жүк ташыган унаанын айдоочулары Кыргызстанга келүү үчүн Иран-Түркмөнстан жана Иран-Азербайжандын чек арасынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

"Кыргыз айдоочулар жана жүк ташыган компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын Тегеран, Ашхабад жана Бакудагы элчилигине кайрылгандан тарта бул маселе өзгөчө көзөмөлдө турат. 1 жана 4-мартта КРнын ТИМге Азербайжан, Түркмөнстан жана Россиянын дипломаттары чакырылып, аларга расмий нота берилген. Ошондой эле кыргыз айдоочуларынын өлкөгө келүүсүнө жардам көрсөтүү айтылган", - дейт ал.

Абдрахманов кошумчалагандай, учурда аталган маселени чечүү боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий