• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Иранда кырсыктан каза болгондордун арасында КР жарандары жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 19.02.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Алдын ала маалыматка ылайык, Иранда болгон авиа кырсыктан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР ТИМнин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева КРдин Ирандагы элчилигине шилтеме берүү менен өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.

Эске сала кетсек, 18-февралда Иранда Aseman Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрдү ташыган учагы кырсыкка учураган. Бортто 66 адам болгон, алардын бардыгы каза болду.

Пикир

Оставить комментарий