• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ирандагы элчилик Тегеран шаарында «Кыргызстан экономикасынын күнү» иш-чарасын уюштурду

Экономика 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-декабрында Кыргызстандын Ирандагы элчилигини Ирандын соода жана өнөр жай палатасы менен биргеликте Тегеран шаарында «Кыргызстан экономикасынын күнү» иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков, Ирандын Соода палатасынын президенти Голамхоссейн Шафеи жана онлайн форматта КРнын Соода-Өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, ошондой эле кыргыз компаниялары менен кызматташууга кызыкдар иран ишкерлери катышышты.

Аталган иш- чаранын алкагында Кыргызстан жана Ирандын Соода палаталары кыргыз-иран биргелешкен соода комитетин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюлган документти ишке ашыруу эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты жана бизнес коомчулуктарынын карым катнашын активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

«Кыргызстан экономикасы күнүнүн» алкагында КРнын ИИРдеги элчиси Т. Сыдыков Ирандын бизнес коомчулугун КРнын инвестициялык климаты жөнүндө маалымдады жана англис тилине которулган Кыргызстанда ишке ашырылчу гидроэнергетика, айыл-чарба, өнөр-жай, инфраструктура жана туризм тармагындагы 50 инвестициялык долбоор менен тааныштырды.

Кыргыз Элчиси иран ишкерлерин өндүрүлгөн даяр продукцияны ЕАЭБ, КМШ, ЕБ (ВСП+ статусунун алкагында) жана ДСУ өлкөлөрүнүн базарына сатуу максатында Кыргызстандын аймагында биргелешкен өнөр-жай ишканаларын ачууга чакырды.

Өз кезегинде иран ишкерлери Кыргызстанда компания ачуу, салык, валюталык режимдер жөнүндөгү либералдык мыйзамдарына жана эркин экономикалык аймактарынын ишмердүүлүгүнө кызыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын элчилиги инвестициялык долбоорлордон турган басма материалдарды жана Кыргызстандын туристтик жайлары жөнүндөгү брошюраларды таратты.

Пикир

Оставить комментарий