• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков: «Биздин мамлекеттин маанилүү милдети – дени сак муунду тарбиялап чыгаруу»

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, Азиянын спорттук күрөш боюнча 31-чемпионатынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө чемпионаттын катышуучуларын жана конокторун иш-чаранын ачылышы менен куттуктап, жалпы өнөктөштөргө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү ири масштабдагы жаркын майрам биздин мамлекеттин сергек жашоо образын жайылтуу, дени сак муунду тарбиялап чыгаруу, ошондой эле мамлекетибиздин эл аралык спорттук аренадагы аброюн жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Спорттук күрөш өлкөбүздө алгылыктуу түрдө өнүгүп жаткан спорттун түрүнө кирет. Учурда аны менен машыккандардын саны 20 миңге жетет. Жана бул акыркы чек эмес», - деп билдирди Премьер-министр Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, 20 өлкөдөн ашуун мамлекеттин 700 ашуун өкүлдөрү катышкан Азия чемпионатынын биздин өлкөдө өткөрүлүүсү спорттун бул түрүн жайылтуудагы чоң кадамдардан болуп саналат.

«Салттуу көрүнүш болуп калгандай, биздин спортчулар күрөш боюнча Азия чемпионаттарында гана эмес, Олимпиадалык оюндарда жана дүйнөлүк биринчиликтерде да мыкты ийгиликтерди жаратып келүүдө. Бүгүн мында алдыңкы балбандар чогулуп, өз өнөрлөрүн тартуулоодо», - деди Премьер-министр Сапар Исаков жана бардык спортчуларга жаңы ийгиликтерди багынтууну, ал эми көрөрмандарга унутулгус таасирлерди алуусун каалады.

Азиянын спорттук күрөш боюнча 31-чемпионаты Бишкекте 27-февралдан 4-мартка чейин өтөт. Эл аралык турнирди жогорку деңгээлде өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен КР вице-премьер-министринин төрагалыгы астында ведомство аралык уюштуруу комитети түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий