• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине техникаларды тапшырууга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Ички иштер министрлигине 66 техника тапшыруу салтанатында Минкаб Төрагасы акыркы эки жылда республика боюнча ички иштер органдарында 42ден ашуун жаңы имарат курулганын жана 200гө жакын имарат оңдоодон өткөрүлгөнүн белгиледи.

“Ар бир милиция бөлүмдөрүндө атайын камералар орнотулган. Санариптештирүүнүн алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 800 даана сервердик жабдыктар, видеорегистраторлор, планшеттер, 1200 даана төш-камералар алынган. Ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө унаалар жаңыланып, милициянын 59 көчмө кабыл алуу пункттары иштеп жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы бир топ жогорулатылды. Алсак, 2019-жылы милициянын катардагы инспектору 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом алат. Баткенде милициянын катардагы инспектору 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сомдой алат”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан ары МинКаб Төрагасы ИИМдин Ыкчам башкаруу борборуна барып, милициянын участкалык инспекторлорунун жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин төш-камералары менен синхрондуу видеокамералардын иши менен таанышты.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Ички аскерлердин жана Атайын багыттагы полктун жаңы оор жүк ташуучу унааларын көрүп чыкты, ошондой эле Чүй облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жаңы имараты менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул иш-чараларга ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү да катышты, Акылбек Жапаров алар менен биргеликте ИИМдин аллеясына көчөт отургузду.

Пикир

Оставить комментарий