• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 22-январдан 25-январга чейин Давос (Швейцария) шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Экономикалык форумдун алкагында Өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Тактап айтканда, Премьер-министр Колумбия университетинин улук аткаруучу вице-президенти Джеральд М. Росберг, Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар, Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили, Эстония Республикасынын Премьер-министри Юри Ратас, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Россия Федерациясынын Өкмөт төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр, ошондой эле бир катар ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий