• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков ЭВФ тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков жана Кристин Лагард Кыргыз Республикасы жана Эл аралык валюталык фонддун ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, экономикалык абалды жана учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулады.

Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун 20 жылдык тарыхында көптөгөн биргелешкен маанилүү долбоорлор ишке ашырылган жана Эл аралык валюталык фонддун атынан финансылык институт өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга жана диалог жүргүзүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий