• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишенапысова: Июлга чейин калктын 70 пайызын COVID-19га каршы эмдөө пландалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда июль айына чейин калктын 70 пайызын COVID-19га каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, тилекке каршы, жыл башында эмдөө менен камтуу көрсөткүчү дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде белгилүү максаттарга жеткен эмес. Ошондой эле 60 жаштан ашкан улгайган адамдарды иммундоонун төмөн деңгээли тынчсызданууну жаратат. Тез аранын ичинде вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын алган жарандар бустерди алуусу зарыл. Алар бир миллиондон ашык адамды түзөт.

“Өлкө өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгара элек. Омикрон коронавирустун акыркы штаммы жана пандемия аяктады деп айтуу туура эмес. Бул тууралуу азырынча сөз боло элек. Эми сергек болуп, ден соолугубузду ойлоп, коронавируска каршы вакцина алышыбыз керек. Вакциналар жетиштүү, аларды колдонуш керек. Johnson & Johnson вакцинасы жакында келет, анткени биздин жарандар аны сурап жатышат. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок калк дагы активдүү болуп, коронавирус менен күрөшүүдө бизге жардам бериши керек. Бардык эмдөө жайлары ачык, бардыгыңыздарды эмделүүгө чакырабыз”, - деп белгиледи Ишенапысова.

Пикир

Оставить комментарий