• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлиги Ысык-Көлдүн жарандарына көчмө консультациялык-укуктук жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Юстиция министрлиги Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун жарандарына көчмө консультациялык-укуктук жардам көрсөтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тургундар 16-майдан 3-июнга чейин укуктук кеңеш ала алат.

Бүгүн, 30-апрелде Каракол шаарында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, аталган райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер менен жолугушту. Жолугушууда көчмө иш-чаралар боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.

Адистердин топтору бардык керектүү жабдуулар орнотулган автобус менен барып кызмат көрсөтүшөт.

Жарандарга МКЮЖ системасынын адвокаттары, юстиция органдарынын, Соцфонддун, социалдык өнүктүрүү, ЖААЖ, "Кадастр" МИнин, "Унаа" МИнин, салык кызматынын, паспорттук столдун, архитектуранын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери жана башка адистер кеңеш беришет.

Бул иш-чара сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, мыйзамдын үстөмдүгү жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында өткөрүлөт "Жигердүү жарандар" долбоору ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий