• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолу 2 жылдын ичинде аягына чейин асфальтталат

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Баткен облусундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолу 2 жылдын ичинде аягына чейин асфальтталат. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Азат Узаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жол альтернативдүү жол катары колдонулат.

“Биз 10,5 чакырым жолду асфальттадык, жалпы узундугу 24 чакырымды түзөт. Быйыл чек арадагы окуялардан кийин 4,5 чакырым жолго асфальт төшөөнү уланттык. Келечекте дагы улантабыз. 2 жылдын ичинде аяктайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий