• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды, арасында айыл башчы бар - видео

Аймак 0


Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн 1-майда саат 20:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.

Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий