• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Күн-Чубак» пансионаты Улуттук олимпиадалык комитетине убактылуу бекер пайдаланууга берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплексин “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине убактылуу бекер пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул чечим мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

“Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы аянты 11,029 га жер тилкесинде жайгашкан мүлктүк комплексин 5 кыймылсыз мүлкү менен “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине 49 жылдык мөөнөткө убактылуу бекер пайдаланууга өткөрүп берилет.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмеси менен объектти ээликтен ажыратуу жана үчүнчү жакка өткөрүп берүү укугусуз убактылуу бекер пайдалануу келишими төмөнкүдөй негизги шарттар менен түзүлөт:

- объектини максаттуу багытталышы боюнча гана колдонуу жана аны талаптагыдай абалда кармоо;

- объектини өткөрүп берген учурдан тартып 2 жылдын ичинде капиталдык оңдоо жана аны жыл бою иштөөгө өткөрүү;

- объектини өткөрүп берген учурдан тартып 5 жылдын ичинде Эл аралык олимпиадалык комитеттин талаптарына жооп берген спорттук объекттерди куруу жана спорттук-калыбына келтирүү борборун түзүү;

- объектини пайдалануу убагында мүлктү пайдалануу менен байланышкан коммуналдык, эксплуатациялык чыгымдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды төлөө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке түрдүү иш-чараларды уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчулары үчүн окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү боюнча кызматтарды бекер көрсөтүү;

- келишимдин мөөнөтү аяктаганда объектиде жүргүзүлгөн бардык бөлүнүүчү жана бөлүнгүс жакшыртууларын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү;

- “Күн-Чубак” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин өткөрүп берилүүчү объектте мурункудай шарттарда ишке орноштуруу.

Тараптардын биринин демилгеси же тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, “Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети” коомдук бирикмесине, анын подрядчыларына жана башка жактарга курулушка кеткен чыгымдар, ошондой эле бөлүнүүчү жана бөлүнгүс жакшыртуулардын наркы мамлекет тарабынан кайтарылып берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий