• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу кыска мөөнөттүү курстарда окутуу үчүн эмне керек? Жооп

Билим 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду иш берүүчүлөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвестициялык долбоорлордун, тармактык ассоциациялардын жана бардык каалоочулардын заказдары боюнча курстарды уюштурууну сунуштайт.

Курстарда окутуу үчүн кесиптик жана аймакты аныктоо керек, андан кийин башкы кеңсеге же областтардагы регионалдык координаторлорго кайрылуу керек, Сизге берилген форманы толтуруп, паспорттун көчүрмөсүн жана 1 (бир) сүрөт (3х4 см) берүү зарыл.

Аталган адистик боюнча окуу группасын түзгөндөн кийин КӨФтүн кызматкерлери окуу башталарда чакырышат. Мында курстарды өткөрүүнүн убактысын жана мөөнөттөрүн алдын ала сүйлөшүп алууга болот (мисалы, түшкө чейин же түштөн кийин). Окутуу бекитилген окуу планы, модуль боюнча, курстун аягында квалификациялык экзамен менен теориялык жана практикалык окутуу боюнча жүргүзүлөт. Курстан өтүүнүн жыйынтыгында сертификат берилет.

Окутуунун узактыгы тандалган курска жараша 1 айдан 6 айга чейин (орточо 2-3 ай). Эгерде өтүнмө ишкананын атынан берилсе, анда иш берүүчү жана окуу жай иш берүүчү үчүн окутуу ыңгайлуу болгон убакыт макулдашылат. Эгерде өтүнмө жеке жактар тарабынан берилсе, анда окутуу эртең мененки убактан түшкө чейин же тескерисинче уюштурулат (тигил же бул окуу жайдын негизги окуу процессинин граифигине жараша).

Группадагы билим алуучулардын саны кесипке жана бекитилген окуу планына жараша 10 адамдан 20 адамга чейин болот.

Группаны иш берүүчү, инвестициялык долбоор же мамлекеттик орган заказ кылса, анда билим алуучулар үчүн акыны курстардын заказчысы төлөйт, башкача айтканда билим алуучулар үчүн акысыз болот. Жеке өтүнмө боюнча билим алуучулар үчүн – курстар үчүн акы төлөнөт (коммерциялык группалар).

Окутуунун толук курсунун наркына мастерлердин жана окутуучулардын эмгек акысы, окутууда сарпталуучу материалдар, коммуналдык кызматтар, канцелярия товарлары ж.б. кирет жана жалпы курс үчүн 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин вариацияланат. Окутуунун наркына транспорттук чыгымдар, тамак-аш, жатакана жана стипендия кирбейт.

Пикир

Оставить комментарий