• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган миңден ашуун окуучуга колдоо көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Нарын, Чүй, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы көп балалуу жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 1136 балага жалпы суммасы бир миллион беш жүз миң сомдон ашкан окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу куралдары COVID-19 пандемиясынын коомдук жана экономикалык кесепеттеринин балдарга жана алардын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин азайтуу жана балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүү максатында берилди.

Жогорудагы демилге КР Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен, MSDSP KG коомдук фондунун билим берүү программасы тарабынан “Мектептер2030” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

“Мектептер 2030” – 2020-2030-жылдарда дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ишке ашып, миңдеген мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдар (ар бир өлкөдө 100дөн), кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлар менен иш алып бара турган он жылдык глобалдык изилдөө жаатындагы долбоор. Тактап айтканда, долбоор балдар жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандырууда жана алардын коомдун өнүгүшүнө андан ары толук кандуу катышуусу үчүн мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга жардам берет.

Кыргызстанда «Мектептер2030» долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен MSDSP KG коомдук фондунун ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын алкагында 100 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий