• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмы берилди – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Кыргызстандагы Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмы берилди, - деп Токтогул ГЭСине барган кезде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстандын энергетика тармагы өзүнүн 85 жылдык юбилейин белгилейт.

«Учурдан пайдаланып, өлкөнүн бардык энергетиктерин бул майрам менен чын пейлимден куттуктайм. Бүгүн арабызда республиканын энергетикасынын ардагерлери катышып олтурушат. Урматтуу ардагерлер, Сиздер өзүңүздөрдүн ак ниет эмгегиңиздер менен биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым коштуңуздар. Стратегиялык маанилүү тармакта жетишкен натыйжалар менен сыймыктанууга толук укугуңуздар бар. Сиздер кесипкөйлүк жана иш билгилик менен өлкөбүздү жарык жана жылуулук менен камсыз кылдыңыздар. Биздин өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет», - деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда дагы бир ардактуу ардагерибиз — Турдакун Усубалиевичти эскерип кетүү абзел, деди.

«Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды», - деп кошумчалады Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий