• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күз айларында Кыргызстандын аймагында ЖККУнун “Рубеж-2021” машыгуусу өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-17-июнунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Борбор-Азия аймагында тез жайылтуунун жамааттык күчтөрүнүн кошуундары менен биргелешкен “Рубеж-2021” машыгуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы билдирди.

Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин Борбор-Азия аймагындагы коопсуздук жамаатынын коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү жана ЖККУнун бириккен штабынын офицерлеринен турган группа катышты.

Сүйлөшүүнүн катышуучулары машыгууну өткөрүүнүн маанисин, ар тараптуу камсыздоону, практикалык иш-аракеттеринин планын карап чыгышып, аскердик контингенттердин келүү жана жайгашуу тартибин макулдашты. Ошондой эле, машыгуу өтүүчү жерде рекогнасцировка жүргүзүштү.

Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Борбор Азия аймагында тез жайылтуу жамааттык күчтөрү менен биргеликте "Рубеж-2021" машыгуусун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Протоколго кол коюлду.

Аталган машыгууну уюштуруу жана өткөрүү ЖККУнун биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобосуна, ЖККУнун жамаатык коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрында бекитилген чечимине ылайык ишке ашырылууда.

ЖККУнун Борбор Азия аймагында тез жайылтуу жамааттык күчтөрүнүнө мүчө-мамлекеттердин курамына Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Эске салсак, ЖККУнун Борбор Азия аймагында тез жайылтуу жамааттык күчтөрүнүн кошуундары менен биргелешкен “Рубеж-2021” машыгуусу Кыргызстандын аймагында ушул жылдын күз айларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий