“Кабар” МАБ. КМШ мамлекеттеринде коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам кандай иштейт?

Аналитика 0

Май айында парламентте коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн каржылык булактары жана ал каражатын кайсы жакка жумшалары тууралуу маалымат тапшыруусу боюнча талкуу болду. Талкуулоо учурунда ал демилгени колдогондор жана колдобогондор болду.

Коммерциялык эмес уюмдардын каражаттарынын булактары кайсы жактан келгени боюнча сөздөр айтылып келет. Бирок, баардык коммерциялык эмес уюмдарды жана бейөкмөт уюмдарды жаманатты кылууга болбойт. Кайрымдуулук иштери менен алектенген, коомго көп жакшы жаңылыктарды киргизген уюмдар арбын. Анын ичинде аз камсыз болгон адамдарга жардам, социалдык жактан маанилүү долбоорлор, мигранттарга жардам сыяктуу алгылыктуу иштер бар.

Учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору кароодо турат. Ал сыяктуу мыйзам долбоорлор башка мамлекеттерде да бар.

КМШ мамлекеттери боюнча маалымат:

Россия

2012-жылы 20-июлда Россиянын президенти “Чет элдик агенттердин функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу бөлүгү боюнча Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” федералдык мыйзамына кол койгон.

Ал мыйзам чет элдик булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алган жана саясий ишмердүүлүкүкө катышкан коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган.

Мыйзамда саясий ишмердүүлүккө билим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандардын ден соолугун кароо жана профилактика, социалдык колдоо жана жарандарды коргоо, эне жана баланы коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык колдоо, дени сак жашоого, спортко үгүттөө, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, кайрымдуулук иштери, кайрымдуулук жана ыктыярдуулукка көмөк көрсөтүү тармактарынын ишмердүүлүгү саясий ишмердүүлүккө катыштуу эместиги айтылат.

Ал мыйзамга ылайык чет жерден каржыланган саясий коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигинде “чет элдик агент” катары катталышы керек.

Мыйзам чет элдик агенттин функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүүнү белгилейт. Аталган реестрге кошуу боюнча арыз коммерциялык эмес уюм тарабынан ал чет элдик агент катары ишмердүүлүгүн жүргүзгөнгө чейин берилиши керек. Ал уюмдардын, чет элдик коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жылдык бухгалтериялык (каржылык) отчету милдеттүү аудитке алынат.

Чет элдик агенттин функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдар коммерциялык эмес уюмдарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин федералдык органына өзүнүн ишмердүүлүгү жана жетектөөчү органдардын курамы тууралу отчет камтылган документти жарым жылда бир, акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү (аны менен катар чет элдик булактардан алынган) колдонуу тууралуу документти жылдын ар бир чейрегинде, аудитордук корутундуну жыл сайын тапшырып турушу керек. Ал коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты интернетте жарым жылда бир жарыялап турушу зарыл.

2014-жылы 4-июнда Россиянын президенти Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдарды “чет элдик агенттердин” реестрине өз алдынча киргизүүсүнө укук берген. Мыйзамда каралгандай коммерциялык эмес уюмдарды “чет элдик агенттердин” реестрине киргизүү боюнча чечимди сот аркылуу жокко чыгарууга болот.

Федерация кеңеши “ММК тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырып, ага ылайык ММК-чет элдик агенттер менен кызматташкан жана чет элдик каржылоо алган жеке жактар чет элдик агент катары таанылышы мүмкүн.

Башка өзгөртүүлөр:

Чет элдик агент катары таанылган ММКлар Россияда иштеши үчүн чет элдик агент макамы менен россиялык юридикалык жакты түзүшү керек.

ММК-чет элдик агенттердин бардык материалдары аны ММК-чет элдик агент таратып жатат деп белгилениши керек.

Казакстан

Казакстандын мыйзамдарында чет элдик же эл аралык уюмдардан жардам алуу үчүн кайсы бир мамлекеттик органдан уруксат алуу боюнча талап каралган эмес. Казакстандын мыйзамдарында алынган чет элдик жардамды каттоо процедурасы каралган эмес. Эгер коммерциялык эмес уюм, грант же кайтарымсыз алынган жардамдын мыйзам боюнча белгиленген критерийлерине туура келбеген чет элдик жардам алса, алар ал жардамды колдоно алат, бирок ал жардам салык салынуучу киреше катары баалангандыктан андан салык төлөнөт.

Казакстандын “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамына ылайык, чет мамлекет, эл аралык жана чет элдик уюмдар, чет элдиктер жана жарандыгы жоктор тарабынан берилген кайтарымсыз каражаттардын эсебинен өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар ал каражаттардын колдонулгандыгы боюнча мамлекеттик киреше органдарына отчет тапшырышы керек.

Чет элдик жана эл аралык коммерциялык эмес уюмдардын Казакстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты басылмаларда жыл сайын жарыялап турушу кажет.

Жеке мекеме, коомдук уюм, коммерциялык эмес акционердик коом, коомдук, корпоративдик же жеке фонд катары, юридикалык жактардын ассоциация түрүндөгү бирикмеси катары түзүлгөн коммециялык эмес уюмдар, ошондой эле чет элдик жана эл аралык коммерциялык эмес уюмдардын Казакстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жыл сайын 31-мартка чейин бейөкмөт уюмдар менен иштешүү боюнча ыйргарым укуктуу органдарга өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат бериши зарыл.

Беларус

Беларуста коммерциялык эмес уюмдардын чет элдик каржылануусу мамлекеттик каттоого алынат. Бийликтен алдын ала уруксат албай грантты (кайрымдуулуктун) каттоого болбойт. 2011-жылы ноябрь айында “Коомдук бирикмелер жөнүндө” жана Административдик укук бузулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык беларустук коммерциялык эмес уюмдардын чет жерде банктарда же башка каржы мекемелеринде эсептери болбошу керек. Мыйзамда бийликтин уруксаты жок чет элдик булактардан каржылоо алуу үчүн коммерциялык эмес уюмдарга жана алардын жетекчилерине административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Чет элдик кайтарымсыз жардам

Чет элдик кайтарымсыз жардамды берүү жана алууну жөнгө салган негизги нормативдик документ катары Беларус президентинин 2015-жылдын 31-августундагы “Чет элдик кайтарымсыз жардам тууралуу” декрети саналат. Анда чет элдик кайтарымсыз жардамды алуу, каттоо, колдонунун тартибинин жобосу бекитилген.

Жобого айтылгандай чет элдик кайтарымсыз жардамды саясий ишмердүүлүккө пайдаланууга тыюу салынат: саясий партияларды, бирикмелерди (ассоциация); шайлоону (референдум) даярдоо жана өткөрүүнү, чогулуш, митинг, көчө жүрүштөрүн уюштурууну, үгүттөөчү материалдарды даярдап-чыгарууну; эл арасында семинар жана башка саясий жана үгүттүк иштерди өткөрүүнү каржылоо.

Тажикстан

Чет мамлекеттерден, чет элдик юридикалык жактардан, чет элдик субъекттердин катышуусу менен түзүлгөн юридикалык жактардан, эл аралык уюмдардан жана эл аралык коомдук кыймылдардан жана башка жеке жана юридикалык жактар аркылуу келген ыктыярдуу жана кайрымдуулук төлөмдөрү, гранттар, мүлк коомдук бирикмелерге гуманитардык жардам реестринде катталууга тийиш.

Коомдук бирикмелердин милдеттери:

- жыл сайын өзүнүн же каттоочу органдын сайтында киреше жана чыгашалары тууралуу маалымат камтылган каржы отчетторун жарыялоо;

- ички жана эл аралык операциялар тууралуу маалыматты ишкерлик алака аяктагандан кийин беш жылдан кем эмес убакыт сактоо;

- коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн башкарган же көзөмөлдөгөн адамдар тууралуу идентификациялык маалыматтарды каттоочу органга берүү жана сактоо.

Түркмөнстан

Коомдук бирикмелер Юстиция министрлигинде грант, гуманитардык, кайтарымсыз чет элдик техникалык, каржы жардамдын долбоорлорун, программаларын катташы керек жана алардын ишке ашырылышы боюнча отчет таршырышы зарыл.

Грант, гуманитардык, кайтарымсыз чет элдик техникалык, каржы жардамдын долбоорлорун, программаларынын суммасы белгиленген суммадан ашык болсо же ал жардам алып жаткан коомдук бирикменин ишмердүүлүгүнө мүнөздүү болбосо Түркмөнстандын Юстиция министрлиги ал тууралуу маалыматты кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.

Азербайжан

Мыйзамга ылайык, грантты берүү, алуу жана пайдалануу донор менен алуучунун ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде жүргүзүлөт же донордун грант берүү жөнүндөгү жазуу түрүндөгү токтому керек. Келишимде (токтомдо) гранттын максаты, анын суммасы жана донор тарабынан алган тарапка кандайдыр бир талап коюлса ал талаптар көрсөтүлөт.

Грант берүү (алуу) боюнча келишим (токтом) аткаруучу бийликтин тиешелүү кызматы тарабынан катталат.

Грант алуу же берүү тууралуу катталбаган келишимдер (токтомдор) боюнча операция жүргүзүүгө болбойт. Аткаруучу бийликтин тиешелүү кызматы Азербайжандын жеке жана юридикалык жактары тарабынан берилген гранттар жана Азербайжандын реципиенттери тарабынан алынган гранттар тууралуу маалыматты кеминде жылына бир жолу ЖМКларда жарыялап турушу керек.

Азербайжандын 2013-жылдын 17-декабрындагы “Бейөкмөт уюмдар (коомдук уюм, фонд) тууралуу” мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына боюнча, бейөкмөт уюмдарынын, аны менен катар чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын филиал жана өкүлчүлүктөрүнүн ишине карата ачыктык тартиби каралып, ага ылайык коомдук бирикмелер, аны менен катар чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын филиал жана өкүлчүлүктөрү коррупциялык мыйзам бузууларды, кылмыш жолу менен алынган каражаттар же башка мүлктөрдү мыйзамдаштырууну жана терроризмди каржылоону алдын алуу максатында алар үчүн мыйзамдарда белгиленген чараларды сакташы керек.

Армения

“Коомдук бирикмелер тууралуу” мыйзамда чет өлкөлүк каржылоого карата императивдик нормалар камтылган эмес. Бирок отчет берүү түрүндө коомдук уюмдун ачыктыгынын тартиби белгиленет. Жылдык отчетто бир жылда келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү жана каржылоо булагы, аткарылган программалардын жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Каражат мамлекеттик бюджеттен келип түшсө, ал каражаттын чыгымдалышы жөнүндө отчет менен бирге көзкарандысыз аудитордун корутундусу болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий