• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: БУУ Кыргызстанды колдоого даяр жана мыйзамдуулуктун сакталышына ишенет

Аналитика 0

Өлкөдө саясий бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаров баштаган өлкөнүн жаңы жетекчилиги ар кандай деңгээлде жолугушууларды өткөрө баштады. Тактап айтканда, Жапаров күн мурун Улуттук банктын жана ички иштер министринин башчысы менен жолугушкан. Жолугушууда өлкөдөгү экономиканы турукташтыруудан баштап толук коопсуздукту камсыз кылууга чейинки маселелер талкууланган.

Эл аралык жолугушууларга убакыт келди. БУУнун өкүлдөрү менен жолугушуулар ар дайым зарылчылык мүнөзүнө ээ, анткени бул эл аралык уюм дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында болуп жаткан процесстердин бардыгын көзөмөлдөп турат. БУУ ар дайым тынчтыкты жана укуктук механизмдерди жактайт жана ар кандай мамлекетке демократиялык жана укуктук принциптер үчүн идеалдуу шарттарды түзүү аракетинде колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы мамиле ар дайым өзгөчө макамга ээ болуп келген. Кыргызстан БУУнун платформасында ар дайым жигердүү иш алып барып, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн, эл аралык терроризмге каршы турууну жактап, эч качан экстремизмди колдогон эмес жана ар дайым эркиндик менен демократияны анын негизи деп эсептеген.

Эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Вадим Гершковичтин айтымында, БУУнун алдында Кыргызстан ар дайым туруктуу жана позитивдүү имиджге ээ болуп келген.

"Бирок бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясаттын, экономикалык мамилелердин, соода жана ишкер байланыштардын тарыхындагы эң оор жана карама-каршылыктуу мезгил келди. Ал COVID-19 пандемиясынын мезгили. Көпчүлүк мындай кырдаалдан чыгуунун, алдыга карай кыймылын эмнеден баштаарын билишпейт. Ушул учурда эл аралык уюмдардын бардык катышуучуларынын ортосунда талыкпаган диалог жүргүзүү маанилүү. Мындай форматтагы жолугушуулар ар кандай өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде жаңы перспективаларды ачат деп ишенебиз", - дейт эксперт.

Теманы утурлай президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия боюнча превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушуу өткөрдү.

Өкмөт башчы БУУ атайы өкүлү Наталья Германга өлкөдөгү реформаларды колдоого алуусу, тактап айтканда, шайлоо, билим берүү тутумунда жана укук үстөмдүгү жаатындагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процедурасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык, тынчтык жолу менен өттү.

"Мага өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы президенттик шайлоолорго чейин республиканын президентинин милдетин убактылуу аткаруу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Учурда өлкөдөгү абал турукташты жана саясий процесстер конституциялык талаага кайтты. Учурда өкмөттүн бардык күч-аракети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө багытталган", - деп белгиледи премьер-министр.

Садыр Жапаров ошондой эле экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар боюнча иштер башталгандыгын белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын 30 жылдык көзкарандысыздыгы мезгилинде коррупция адамдын жашоо-чөйрөсүндөгү бардык тармактарга кеңири жайылган, бирок биз ан толук жоюу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Албетте, убакыт керектелет, бирок бул иштин натыйжасы жакынкы арада сезиле баштайт. Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чоң жумуш аткарылууда. Бул иштер жакынкы мезгилде жыйынтыкталаарына сизди ишендирип кетким келет", - деп белгиледи Жапаров.

Өз кезегинде атайын өкүл Наталья Герман Өкмөт башчыны премьер-министрдин кызматына киришүүсү менен куттуктады жана алдыдагы иштерде ийгиликтер болушун каалады.

Ошондой эле ал белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өлкөдөгү бардык социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча аракеттерин колдоого алат.

"БУУ сыяктуу уюмдун колдоосун алуу, өзгөчө азыркы шартта өтө маанилүү. Бул жолугушуунун жыйынтыгы Башкы катчы Антонио Гутерришке жөнөтүлөт. Болуп өткөн саясий окуяларга жана өлкөнүн жаңы жетекчилигине анализ жүргүзүлөт. Садыр Жапаров колдоо күтүүгө укуктуу. Бирок мындай жолугушуулардан кийин ал ишинин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн иш жүзүндө баштоо маанилүү. Көпчүлүк муну күтүшөт. Эл аралык экономикалык имиджди калыбына келтирүү керектигин унутпайлы. Мүмкүн болушунча тез арада бардык потенциалдуу чет элдик инвесторлор менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстан алардын бардык кызыкчылыктарын коргоого ниеттенип жаткандыгына ишендириши керек", - деп белгилейт Гершкович.

Атайын өкүл БУУ Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келгендигин жана мындан ары карай да тийиштүү колдоо көрсөтө берээрине ишендирип кетти.

"БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш Кыргызстандагы кырдаалга кылдаттык менен байкоо салууда жана ар тараптан жардам берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Ошол эле учурда ал бардык процесстер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алкагында эч кандай басым жасалбай жана адам укуктарын сактоо менен транспаренттүү жана инклюзивдик негизде ишке ашырылат деп эсептейт", - деди Наталья Герман.

Ал ошондой эле ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана башка реформаларды системалаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана башка министрликтер менен биргеликте Жол картасынын долбоору иштелип чыгарын, аны жакынкы аралыкта бүтүрүү пландаштырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Наталья Герман учурда БУУ Кыргызстанга керектүү жардамдын багытын жана көлөмүн карап жаткандыгын билдирди.

Андан соң тараптар акыркы болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюшкандыкта өтөт деп ишендирди.

Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү боюнча аракеттерин жогору баалап, аларды өткөрүүдө эксперттик жана консультациялык жардам сунуштады.

"Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүү, адам укуктарын коргоо жана аны өнүктүрүү боюнча иштерди, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу түрдө аткарууну уланта бермекчи", - деди өкмөт башчы..

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш, ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германга өлкө үчүн оор болуп турган учурда ишеним көрсөтүп, колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаровду алдыда көп жумуш күтүп турат. Анын ишке ашышына убакыт керектелет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий