• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда коомдук жайлар тыкыр көзөмөлгө алынууда

Аймак 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/ Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясы шаардык кеңештин депутаттары, тийиштүү тармактар менен биргеликте коомдук жайларга рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда базарлардагы тамактануучу жайлар, кафе-чайканалар, мончолор, стадион текшерилди.

Тамактануучу жайларга санитардык талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык нормаларды сактоо белгиленди.

Эрежеге ылайык, бул жайларда адамдын саны 50дөн ашпай, 1,5 метр аралык сакталышы керек. Аны менен катар кардарлар үчүн антисептикалык каражаттар коюлуп, кызматкерлер беткап, колкап менен тейлөөгө тийиш.

Ал эми коомдук мончолор штабдын чечими менен белгисиз мөөнөткө чейин ишин токтотуусу зарыл. Жеке (кабина) мончолор иштей берет. Бул багытта эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий