• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең “Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия” темасында вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы 4-июнда саат 17:00дө “Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия” темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда жыныстык тарбия деген эмне, эмне үчүн балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен бул темада сүйлөшүү маанилүү? Балдардын коопсуздугун жогорулатуу жана үй-бүлө курууда аң сезимдүүлүктү калыптандырууга кантип жардам бере алабыз? Кыргыз маданиятында жыныстык тарбиянын орду барбы? Маданиятыбызга ылайык жыныстык тарбияны кантип бере алабыз? деген суроолор талкууланат.

Вебинардын спикери Гүлмира Алдакеева 2005-жылы АУЦАдан маданий жана коомдук антропология боюнча бакалаврды бүтүрүп, Германияда Байройт университетинде ушул эле адистик боюнча магистратураны аяктаган. Чыгыш Африкада Нигер мамлекетинде молдолордун жашоосу жөнүндө изилдөө жүргүзгөн. Учурда медицина кызматкери катары окуусун улантып жатат.

Эске салсак, Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Вебинардын шилтемеси: Конференциянын идентификатору: 937 5169 3078, паролу: 408544.

Пикир

Оставить комментарий