• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы элчилик Нооруз майрамына карата Анкарада уюштурулган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-мартында Түркиядагы элчилик Анкаранын Кечиорен муниципалитети менен биргеликте Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында кыргыз артисттеринин катышуусу менен майрамдык концерт уюштурулган.

Ошондой эле кыргыз боз үйү тигилип, улуттук маданияттын буюмдары жана улуттук тамак-аштар, от жагуу, темир согуу, оттон секирүү сыяктуу салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлүп, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө брошюралар жана буклеттер таратылды.

Нооруз майрамына арналган иш-чаранын жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башчысы Т. Алтынок, ошондой эле Афганистан, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери сөз сүйлөп, куттукташты.

Иш-чарага ошондой эле Түркиядагы кыргыз диаспорасынын жана этникалык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий