• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча гранттык келишимге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча гранттык келишимге кол коюлду.

ӨКМден билдиришкендей, гранттык келишимге 16-майда Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучу кеңешинин кезектеги жылдык отурумунда кол коюлду.

Каражат "КР Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо" долбоорунун алкагында бөлүнөт, анын суммасы 23 млн еврону түзмөкчү.

Келишимге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ядердик коопсуздук департаментинин директору Бальтазар Линдауэр кол коюшту.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында 16 уран калдыктарын зыянсыздандыруу, 4 уран калдыктарын сактаган жайды коопсуз жерге көчүрүү жана уран өндүргөн мурдагы ишкананын эски имараттарынын бузуп зыянсыздандыруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий