• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттин басма сөз катчысы КТРКнын жетекчилигине ат салышат. Талапкерлердин саны 11ге жетти

Коом 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин коюп, расмий документтерин берди.

"Көп жылдардан бери сыйлап, урматтап жүргөн инсаным жигиттик сөзүнөн тайганына байланыштуу, соңку эки күн ичинде терең ойлонуп, мен дагы КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коюуну чечтим. Жаңы эле ишенимдүү адамым тиешелүү документтерди КТРКнын босогосундагы кутучага салып кайтты. Айрыкча мага окшогон жөнөкөй журналисттер КТРКнын мындан аркы тагдырына кайдыгер карап тура албайт", - деп жазды Ибраим Нуракун уулу Facebook'дагы баракчасына.

Акыркы маалыматтар боюнча талапкерлердин саны 11 жетти.

Буга чейин Илим Карыпбеков коомдук каналдын башкы директорлугуна кайрадан ат салышарын Facebook'дагы баракчасына жазган.

Малым болгондой, КТРКнын курамына учурда алты телеканал кирет: КТРК, КТРК Музыка, Маданият-Тарых-Тил, Баластан, КТРК Спорт жана Ала-Тоо 24, жана беш радио: Биринчи радио, Кыргыз радиосу, Миң кыял, Достук, Балдар FM.

Пикир

Оставить комментарий