• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нооруз – 2021: Көк бөрү боюнча «Ынтымак» командасы жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, финалда Биринчи лиганын «Жети-Өгүз» (Ысык-Көл облусу) жана «Кара-Буура» (Талас облусу) командалары жолугушуп, 2:1 эсеп менен экинчи команда жеңишке жетти жана Жогорку лигага өттү.

Жогорку лигада «Ынтымак» командасы (Талас облусу) «Достук» командасын (Ош облусу) 6:5 буллит эсеби менен (негизги эсеп 4:4) артка калтырып, жеңүүчү аталды.

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышты.

Кайрат Иманалиев оюндун катышуучулары жана иш-чаранын конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап өттү: «Кыргызстанда ынтымак, тынчтык болсун! Ак жалында өскөн кыргыз жигиттерибизге ар дайым Жараткан улуу намыс берсин! Спортчулардын, машыктыруучулардын, спорт күйөрмандардын спортко болгон сүйүүсү, жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн биздин спорттун улуттук түрлөрү өнүгүп, өлкөбүздүн желеги бийик даражалуу мелдештерде желбиреп келе жатат».

Белгилей кетсек, бул жылы көк бөрү боюнча мелдеш Болотбек Шерниязовдун, Болот Шамшиевдин жана Темир Дүйшекеевдин элесине арналды.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:

Жогорку лига:

1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 миң сом;

2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 миң сом;

3-орун –«Сары-Өзөн» командасы, Чуй облусу, байге – 100 миң сом.

4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 70 миң сом;

5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 миң сом;

6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 миң сом.

Биринчи лига:

1-орун – «Кара-Буура» командасы, Талас облусу, байге – 100 миң сом;

2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 миң сом;

3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 миң сом.

4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 миң сом.

Мыкты оюнчу болуп Жогорку лиганын «Ынтымак» командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лиганын «Кара-Буура» командасынын оюнчусу Ариет Толонов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле, Чемпион атына («Жети-Өгүз» командасы, Биринчи лига) жана Шахмат атына («Достук» командасы, Жогорку лига) мыкты наамы ыйгарылды. Аларга да акчалай сыйлык тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий