• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кабар” МАБ: Өлкө боюнча бейтаптардын саны өсүүдө, күндүзгү стационарлар кеңейүүдө

Аналитика 0

Жайдын башталышы менен медициналык мекемелерде орундардын жетишсиздиги эң маанилүү жана актуалдуу маселелердин бири болду. Ооруканаларда оорулууларды жаткыруу үчүн орундуктар жок деген билдирүүлөр калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө алып келди. Аны менен бирге, жай мезгилинин келиши менен коронавирус жуктургандардын саны да өсүп кетти. Июнь айынын башында бош орундуктар бар болсо дагы, оорулуулардын күн сайын өсүшү менен эртеби-кечпи бош орундуктар калбай калышы шексиз. Мындан улам өкмөт жеңил жана орто оор абалдагы жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү максатында өлкө аймагында күндүзгү стационарларды ачты.

Июнь айынын аягында премьер-министр Кубатбек Боронов ооруканаларда оорундуктар бар жана дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экендигин айткан.

Нет описания.

“Акыркы күндөрү COVID-19ду жугузгандардын саны кескин көбөйдү. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында илдеттин жуктургандар көп болууда. Дароо эле айтайын, бүгүнкү күндө ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Адистердин божомолунун жана биздин өз учурунда көргөн аракетибиздин негизинде даярдык көрүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 28-июнуна карата республика боюнча өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош”, - деген Боронов.

Бирок премьер-министр бейтаптар үчүн орундуктардын саны көбөйтүлөрүн билдирген.

“Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Бирок акыркы учурда бейтаптын саны көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Мисалы: Воронцовкада 120, мурдагы Ганси авиабазасында – 600 орун даяр, “Ак-Кеме” мейманканасында жана № 1 шаардык ооруканада жана башка жерлерде орундар даярдалды. Ошондой эле өпкө оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Алардын саны учурда 289 адамды түзөт. Өпкө оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалпысынан 553 керебет-орун даярдалды. Бардык облустарда мамлекеттик органдар орундарды даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Орундардын жетишсиздиги боюнча кооптонуу, баарынан биринчи айрым жарандардын дүрбөлөңгө түшкөнүнө байланыштуу. Бардыгын ооруканага жаткыруу мүмкүн эмес. Дарыгерлер кармана турган атайын алгоритм жазылган. Кимге үйдөн дарылануу керектиги айтылса, алар режимди катуу сакташы керек. Алар аймактык дарыгердин көзөмөлүндө болушат”, - дейт ал.

Кийинчерээк ар кандай мекемелердин базасында күндүзгү стационарлар иштей баштады. Ошентип, оор абалдагы бейтаптар ооруканага жаткырылып, жеңил түрдө ооругандар күндүзгү стационарлардан дарылана баштады.

Ооруп жаткан жарандардын саны күн сайын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жаңы керебеттерди түзүү муктаждыгы жаралды. Бир гана күндүзгү стационарларда гана эмес. Орундуктарды түзүү илдет пайда болгон очоктордо гана эмес, бүткүл республика боюнча жүргүзүлүүдө. Бирок жарандардын дүрбөлөңгө түшүүсү токтой элек. Буга чейин мындай оор дартка туш болбогон жарандардын жүрүм-туруму акылга сыярлык.

“Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Бүгүнкү күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар”, - деди премьер.

Бишкекте 4-июлда күнүнө 4 миңден 6 миңге чейин жаранды кабыл ала алган 4 күндүзгү стационар ачылган. Зарыл болгон учурда орундуктардын саны дагы да көбөйтүлөт.

Алгач стационарлар борбор калаанын ар бир районунда ачылган. Көп өтпөй ооруп кайрылган адамдардын агымы бир топ көбөйгөн. Буга байланыштуу ар бир райондо күндүзгү стационарлардын саны өстү. Бул сыяктуу медициналык мекемелерди ачуунун максаты жарандар үйдөн өзүн-өзү дарылабастан, алгачкы жардамды медиктердин өзүнөн алууга шарт түзүү болгон.

“Учурда ооруканага жата албай жаткан адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыйбалуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат. Ар бир стационардык борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат. Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат. Ошол эле учурда дары-дармектердин баасына көзөмөл күчөтүлөт. Фармацевтикалык компаниялар дарылардын баасын негизсиз көтөрүү Финансы полициясы тарабынан текшериле турганын, такыр болбосо – жазыктык куугунтуктоо чараларын эстен чыгарбоого тийиш. Өлкө үчүн ушундай оор абалда спекуляция менен алектенүүгө жол берилбеши кажет”, - деп баса белгиледи премьер-министр.

Ушундай эле жумуш Ош ​​шаарында да жүрүп жатат. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жарандык коргонуу штабынын отурумунда азыркы учурда ооруканалардагы жаңы орундуктар, ошондой эле жеңил түрдө ооругандар үчүн күндүзгү стационарлар даярдалып жатканын билдирген.

пресс-службы мэрии Оша

“Биз бардык кырдаалга даяр болушубуз керек. Өтө оор абалдагы жарандар үчүн жабык жайларда орундуктарды даярдоо керек. Жеңил жана орто оор абалдагы бейтаптар үчүн керектүү медициналык жардам ала турган күндүзгү стационарларды уюштуруу керек. Оор абалда болгондор ооруканага жеткирилет. Пневмония менен ооругандар үчүн “Classic” жана “Sun Rise” мейманканалары стационар катары колдонууга берилди”, - дейт Сарыбашов.

Мындан тышкары, Ош шаарындагы Кулатов кичи районунда спортзалдын базасында 100 орундук даярдалды. Ал 6-июлдан тарта өз ишин баштады.

Жалпысынан айтканда, учурда республика боюнча ар кандай мекемелер стационар катары колдонууга берилүүдө. Спортзал, мейманкана, ресторан жана кафелер медициналык жардам көрсөтүү аянтчаларына айланууда. Эң башкысы жарандар өзүн-өзү дарылабастан өз убагында медициналык жардам алуусу керек.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий