• 79.5
  • 81.95
  • 1.41
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Бишкектеги күндүзгү стационарларга жардам берүү үчүн кайда кайрылуу керек? − байланыш номерлери

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. Учурда Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

“Учурда муниципалитет, бизнес, коомдук уюм жана кайдыргер эмес шаар тургундарынын биргеликтеги иш-аракети аркылуу стационарларга керектүү жабдыктар, медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар келүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы пандемия маалында четте турбаган бардык адамдарга ыраазычылык билдирет. Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер стационарларга жабдык, дары-дармек, медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар, тамак-аш түрүндө колдоо көрсөтүүнү кааласаңыздар стационарлардын ишин караган шаар райондорунун акимдеринин орун басарларына кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылатта.

Шаар райондорунун акимдеринин орун басарларынын телефон номерлери:

Биринчи май району: 0990 999 444 – Аида Жолочуевна;

Октябрь району: 0559 038 585 – Айнура Жанышевна;

Свердлов району: 0999 855 558 – Асел Садыковна;

Ленин району: 0555 184 328 – Жамал Бекмурзаевна.

Пикир

Оставить комментарий