• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча 45 борбор кызмат көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөткөн 45 борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул борборлордо жарандар сураган документтерди жана маалымат каттарды убагында берүү жана башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт.

Белгиленгендей, акыркы үч жыл ичинде республика боюнча жарандарга 1,5 млн маалым кат, 28 миң 151 апостилдештирилген маалым кат берилген.

"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, ички иштер министрлигинин Баткен облусундагы "Бирдиктүү терезе" жарандарга 35 миң маалым кат жана башка документтер акысыз берилди", - деп айтылат маалыматта.

/скерте кетек, үч жыл аралыгында "Бирдиктүү терезе" жана "Унаа" мекемеси аркылуу республикалык бюджетке 3 млрд сомго жакын каражат түшкөн

Пикир

Оставить комментарий