• 88.68
  • 95
  • 0.95

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө ачык эшиктер күнү өттү

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Күн мурун, 20-февралда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 жана 30629 аскер бөлүгүнүн аймагында ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага "Газпром - Кыргызстан" билим берүү мекемесинин окуучулары, Өзгөн районунун медициналык колледжи жана Мырза-Аке айылында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери катышты.

Иш-чарада окуучулар аскер бөлүктүн музейи, авиациялык техникар, Ми-8МТВ, Ми-24В тик учактары жана ок атуучу куралдар менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий