• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон 19 жаштагы чек арачы Арыстаналы уулу Асатбек жерге берилди

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Ала-Бука районундагы Теңги айылында 19 жаштагы чек арачы Арыстаналы уулу Асатбек жерге берилди.

Ал Баткен районундагы КР УКМКнын Чек ара кызматынын №2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Арыстаналы уулу Асатбек Капчыгай чек ара заставасында өз милдетин аткарып жатып баатырларча курман болду.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Арыстаналы уулу Асатбектин жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 163 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий