• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Бишкекбашкыархитектуранын” базасында өзгөчө кырдаал боюнча ыкчам топ түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин базасында өзгөчө кырдаал боюнча ыкчам топ түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эвакуациялоо боюнча комиссия түздү. Белгиленгендей, өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам топ кандай чара көрүү керектиги тууралуу маалымат берип, эвакуациялоо боюнча комиссия жарандарды коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Бул учурда өзгөчө кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет:

  • жер титирөө;
  • имараттардын жана курулмалардын урашы;
  • техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал.

Комиссиянын курамына "Бишкекбашкыархитектуранын" башкы инженери, бөлүмдөрдүн адистери жана Бишкек шаарынын райондорунун башкы архитекторлору кирди.

Белгилей кетсек, комиссиянын жана ыкчам топтун ишин бүгүн "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинде талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий