• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенге жардам. Ош облусунда чогултулган 1,5 млн сом атайын эсепке которулду

Аймак 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Ош борбордук штабына жарандар тарабынан жалпы 1 млн 516 миң 284 сом чогултулуп, Баткендин атайын эсебине которулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрь саат 16:00гө карата Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Ош борбордук штабына жарандар тарабынан жалпы 1 млн 516 миң 284 сом чогулду. Аталган каражат Баткен облусунун атайын эсебине которулду.

Ош облусу жана Ош шаарынын борбордук штабы ишмердүүлүгүн улантууда, жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар Ош шаарынын борбордук аянтында келсеңиздер болот.

Пикир

Оставить комментарий