• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде 16 медициналык бригада иштеп жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Баткенде үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүү максатында ар кандай профилдеги 16 медициналык бригадасы иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги брифингде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, алар жогорку квалификациялуу дарыгерлерден түзүлдү.

“Бригадага хирургдар, нейрохирургдар, нейротравматологдор, травматологдор, көкүрөк-көңдөй хирургдары жана кан-тамыр хирургдары кирди. Мындан башка дагы медициналык бригадалардан резервдер түзүлүп, зарылчылык жаралган учурда Кадамжай, Сүлүктү жана Айдаркенге жөнөтүүгө даяр турат”, - деди министр.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Баткен облусунда 39 тез жардам унаасы менен 44 тез жардам бригадасы иштеп жатат.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 144ү Баткен, Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жаткырылып, 20сы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий