• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери Бишкекте сууга агып бараткан баланы куткарып калышты (видео)

Коом 0


Бишкек, 04.07.23./Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн каналындагы сууга агып келе жаткан өспүрүм баланы сактап калышты.

Милиция кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн болгон. Куткарылган баланын абалы жакшы.

Кайгуул кызматы ата-энелерге кайрылып, кичинекей балдардын коопсуздугу өтө маанилүү экендигин жана аларга ар дайым көз салып туруу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий