• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кахраманмарашта Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн биринчи топ менен 67, ал эми экинчи топ менен 80 куткаруучу, 6 дарыгер, 75 боз үй жана боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлгөн.

Келерки жумада дагы куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар жөнөтүлөрү белгиленген.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 30 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий