• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

11-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Эртең, 11-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Эртең Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы 0…-2, күндүз 10…12 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий