• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катарлык компания Бишкек полигонуна таштандыны кайра иштетүүчү комплекстерди орнотууга даяр

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров тиричилик калдыктарын утилдештирүү менен алектенген катарлык «MRM PORT TRADING» компаниясынын өкүлү менен жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө компания өкүлү Бишкектин таштанды полигонунда таштанды калдыктарын утилдештирүү боюнча долбоор менен тааныштырды.

Долбоордун алкагында компания таштандыларды кайра иштетүүчү 30 кичи комплекстерди полигондун аймагына орнотууга даяр экендиги белгилүү болду. Келечекте таштандыларды кайра иштетүүдө электр энергиясы, жер семирткич алынат.

Борбор калаанын мэри кызматташууга даяр экенин билдирип, аталган компаниянын өкүлдөрүнөн долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү суранды.

Пикир

Оставить комментарий