• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте КР жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленүүдө

Коом 0


Бишкек, 12.08.22./Кабар/. Бишкекте КР Жаза аткаруу кызматынын Коргоо жана коштоо департаментинде жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов, президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Жанузаков, юстиция министри Аяз Баетов жана Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев катышууда.

Иш-чаранын алкагында аскер кызматкерлердин аскердик парады, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо, техниканы көрсөтүү менен жаңы унаалардын ачкычын тапшыруу, ЖАКтын “Омега” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, «Келечек» мамлекеттик ишканасы чыгарган ар кандай буюмдардын көргөзмөсү, Коргоо жана коштоо департаментинин аймагындагы клуб жана музей, ЖАКтын окуу борбору менен таанышуу пландалган.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү жыл сайын 12-августта белгиленип келет. Бул 2003-жылы өкмөттүн токтому менен белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий