• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калааны көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Калааны көрктөндүрүү боюнча пландуу иштер улантылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тротуарларды жана велосипед жол тармагын куруу улантылып, иштин көлөмү акырындык менен көбөйтүлүп жатат.

“Ден Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Сельсовет көчөсүнө чейин асфальт төшөлүп бүттү. Веложолдун уландысын Байтик Баатыр көчөсү, 4а/3 Мамлекеттик бажы кызматынан Донецкий көчөсүнө чейин асфальт төшөө улантылууда.

Дэн Сяопин көчөсүндө веложолдордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Асфальт төшөө үчүн негизди "Туруте" компаниясы даярдап, топуракты тегиздөө жана жээк таштарды орнотуу иштери жүргүзүүдө. Андан кийин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы асфальт төшөй баштайт.

Бобулов көчөсүндөгү тротуарларга жалпы аянты 300 чарчы метр асфальт, Пушкин көчөсү Бейшеналиева көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейин 550 чарчы метр асфальт төшөлдү. Ошол эле учурда жээк таштар жана арыктар орнотулууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жолдорду оңдоо иштери уланууда

Белгилей кетсек, калаа башчысынын тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аянтчаларды жана веложолдорду көбөйтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий